Түндүк Казакстан облусунда суу каптоого каршы иш-чаралар кызуу жүргүзүлүүдө. Өкмөт башчысы көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты. Эң алды менен Олжас Бектенов Сергеев суу сактагычында болду. Учурда суунун агып келиши секундасына 6 миң кубдан ашык деңгээлинде. Суу агызуу көлөмү 4 миң 700 куб метрден ашат. Бул жаатта гидротүйүндүн кубаттуулугу акыркы 50 жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөрдөн эки эсе жогору.
Шугайып Ибатуллин, «Казсуучарба» РМК СКФ мүдүрү:
– 23-жылы биз коопсуздук декларациясын алдык. Талдоо жана ыкчам текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча суу түйүндөрүнүн техникалык абалы канааттандырарлык. Бүгүнкү күндө суу каптоо башталгандан бери 1,5 миллиард куб метр суу агып, суткалык көлөмү 529 миллион куб метр сууну түзөт. Учурда абал турукташып келе жатат. Суунун деңгээли чектен ашпайт деп ойлойм.
ТКОдо суу ташкынына каршы иш-чараларга 3 миң адам тартылат
Айта кетсек, буга чейин премьер-министр Есил дарыясындагы суу ташкыны кооптуулугун азайтуу үчүн бардык күч-аракетти бириктирүүнү тапшырган. Дамбаларды бекемдөө үчүн аймакка борбордон миңдеген аскер кызматкери жөнөтүлдү. Бул ишке жалпысынан үч миңге жакын адам тартылды. Алардын арасында ыктыярчылар, акимчиликтин кызматкерлери, ошондой эле, жеке уюмдардын өкүлдөрү бар. Жалпысынан облустагы кырдаал бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө, облуста күнү-түнү ыкчам штаб иштеп жатат.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри:
– Ишке жеке курам менен Улуттук гвардия тартылган. Полк да күчөтүлөт. Коргоо министрлиги кошулду, ошондуктан күч жетиштүү болушу керек. Азыр күч бириктирүүбүз кажет. Олуттуу зыяндын алдын алуу үчүн 2-3 күн абдан тыгыз иштешибиз зарыл. Албетте, сел каптоо болору анык. Мындан качып кутулуу мүмкүн эмес. Бирок биринчи кезекте адамдардын жабыркабашы маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков