Конституциялык реформа – саясий модернизациянын негизги этабы

Конституциялык реформа – саясий модернизациянын негизги этабы

Улуттук курултайда Адилеттүү Казакстандын жаңы конституциялык модели менен мамлекеттүүлүктүн жаңы архитектурасы аныкталды. Мындай пикирин Сенат төрагасы Маулен Ашимбаев Палата отурумунда билдирди. Спикер өлкөнүн келечегине таасир этүүчү реформаларды сапаттуу ишке ашыруу жана мыйзамдык жагынан камсыз кылуу комплекстүү мамилени талап кыларын белгиледи. Ал үчүн бардык кызыкдар тараптын системалуу, конструктивдүү өз ара иш аракети, анын ичинде тиешелүү мыйзамдарды өз убагында кабыл алуу керектигине токтолду. Сенат төрагасынын айтымында, депутаттар Мамлекет башчысынын бардык демилгелерине мыйзам чыгаруу жагынан колдоо көрсөтүү үчүн ишин уланта берет.

Маулен Ашимбаев, Казакстан Республикасынын Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Президентибиз келечек Парламенттин аталышы, түзүлүшү менен ыйгарым укуктары боюнча пикирин билдирди. Ошону менен катар, коомдук-саясий жана мамлекеттик институттарын реформалоону көздөгөн сунуштарын жарыялады. Алардын катарында Элдик кеңеш жана вице-президент сыяктуу жаңы институттар бар. Ошентип, Улуттук курултайда адилеттүү Казакстандын жаңы конституциялык модели аныкталды деп айтууга толук негиз бар.