Казак шаңырагы Нью-Йорк төрүндө. Мындай аталыштагы арт-кеңсе БУУнун алдындагы Казакстандын туруктуу өкүлчүлүгүндө ачылды. Демилгени өлкөнүн эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлү Магжан Ильясов сунуштаган. Ошентип, имараттагы төрт колонна сүрөтчү Манат Төлөгөновдун эмгектери менен кооздолду. Алар өлкөнүн кооз жаратылышына арналган. Аларга "Түндүк", "Түштүк", "Батыш" жана "Чыгыш" аталыштары берилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков