Быйыл 380 000 бала 1-класска барат

Быйыл 380 000 бала 1-класска барат

Казакстанда окуучуларды биринчи класска кабыл алуу жараяны уланууда. Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул кезге чейин 285 миң арыз келип түшкөн.

Мекеменин маалыматы боюнча, жаңы окуу жылында 380 миңден ашуун окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттайт деп күтүлүүдө. Билим булагын тандоо жана керектүү документтерди тандоо мөөнөтү чын куран айынын 1нен баш оона айынын 1не чейин, башкача айтканда, бир айга узартылды. Буга чейин керектүү документтер кулжа айынын 1нен баш оона айынын 30на чейин тапшырылышы керек болчу. Бул класстарды жабдуу жана окуучуларды тосуп алууга азыртан кам көрүү үчүн жасалган. Ал эми даярдоо топтору баш оона айынан тартып иштей баштайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков