Нью-Йоркто “Атом талаасы: Казакстан бомбадан кантип баш тартты?” аттуу китептин бет ачаары өттү. Иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын пленардык сессиясынын алкагында Казакстандын уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө уюштурулду. Эмгектин автору ядролук куралсыздануу жаатындагы белгилүү талдоочу Тогжан Касенова. Семей полигонунда ядролук сыноолорго тыюу салуу тарыхына жана СССР тарагандан кийин өлкөдө калган өзөктүк куралдын арсеналынан баш тартуу жараянына арналган. Китепти жакынкы аралыкта казак тилинде басып чыгаруу пландалып жатканын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков