2023-жылы IT кызматтар экспорту жарым миллиард долларга жетиши мүмкүн

Казакстандын IT кызматтарынын экспорту жыл аягына чейин жарым миллиард долларга жетиши мүмкүн. Астана хабтын жетекчиси бул жаңы тенденцияны өлкөдө ири чет элдик компаниялар менен биргелешкен ишканалардын көп санда ачылышы менен байланыштырат. Бүгүнкү күндө бул уюмдун эл аралык технопаркынын базасында алардын саны үч жүздөн ашты. Бул хабдын катарына катталган бардык резиденттердин төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Магжан Мадиевдин айтымында, алардын ай-ти өнүмдөрүн колдоп, өндүрүш жолуна киргизүү жана тышкы рынокко чыгаруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Магжан Мадиев, Astana hub башкы мүдүрү:
-Өлкөнүн бардык аймактарында билим берүү программаларына, мобилдик долбоордун ээлерин колдоо жана стартаптарды жакшыртууга байланыштуу бир катар программалар ишке кирди. Биз Борбордук Азиядагы, Монголиядагы, Азербайжандагы, Грузиядагы Google For Startups өнөктөшүбүз. Бүгүнкү күндө акселерация программасына аталган өлкөлөрдүн бардыгынан стартаптар түшүп жатат. Биз аларды Казакстанда гана эмес, Астанада өнүктүрөбүз. Биз долбоордун мыкты авторлоруна 6 айлык программаны үйрөнүп, дүйнөлүк IT бизнестин борбору катары таанылган Силикон өрөөнүнө кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Ал жерде биз Борбордук Азиянын өзүнүн IT хабын ачууну колдодук.

Бул жаатта өткөн жылы аталган тармактын ата мекендик кызматтарынын экспорту 5 эсеге өсүп, 300 миллион доллардан ашканын белгилей кетүү керек. Анын жарымына жакыны Астана хабдын үлүшүнө тиешелүү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле технопарктын катышуучуларынын кирешеси 161 миллиард теңгеге жеткен. 31 миллиард теңге инвестиция тартылды. Магжан Мадиев ошондой эле президент тарабынан жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Astana Hub ишинин артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Магжан Мадиев, Astana hub башкы мүдүрү:
-Биринчиден, венчурдук каржылоонун көлөмүн көбөйтүү. Башкача айтканда, инвестициянын бул түрүнүн жаңы механизмдерин түзүү. Биз стартап долбоорлорубузду жана компанияларыбызды көбүрөөк каржылоо үчүн ар кандай фонддорду жана каржы институттарын тартабыз. Бул максатка жетүүнүн бир жолу. Биз адамдык капиталды арттырууга да аракет жасайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков