Дүйнөлүк деңгээлде бизнесин өнүктүрүп жаткан ишкерлер Казакстанга чогулат. Борбор калаада The Bizz Awards сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Быйыл салттуу иш-чарага 50дөн ашык өлкөдөн 250гө жакын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Тандоонун Казакстандын борборуна туш келгени бекеринен эмес. Маанилүү кеңештердин ордосуна айланган Нур-Султан шаары Борбордук Азиянын бизнес борбору болуп саналат. Андыктан борбор калаада MICE иш-чараларын уюштуруу, башкача айтканда бизнес-туризм багытына басым жасалып жатат. Тармак адистеринин айтымында, буга шаардын инфраструктурасы да, дарамети да жетиштүү.
Жалгас Молжигит, «Astanainvest» Башкарма төрагасынын орун басары:
- Биздин максаттардын бири ушундай чоң конференцияларды же форумдарды шаарыбызга сунуштап, аларды бул жакка тартуу. Бул эң тез өсүп жаткан мунайдын багыты. Бүгүнкү күндө шаарыбызда 5 жылдыздуу жана 4 жылдыздуу тармактык мейманканалар көп. Негизи бизнес туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Чоң көргөзмөлөр үчүн имараттар салынган. ЭКСПО-2017 учурунда ачылган эл аралык көргөзмө борбору бар. Бул Борбор Азиядагы эң ири көргөзмө борбору. Өткөн 2021-жылы туризмди өнүктүрүүгө 37 миллиард теңге инвестицияланган.
Белгилей кетсек, пандемиянын кесепеттерин азайтуу жана эпидемияны жакшыртуу менен Нур-Султан шаарында ички туризм 88%га, чет элдик туристтердин агымы 30%га өскөн. Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны быйыл 1 миллионго жетиши күтүлүүдө. 74 өлкө менен визасыз режим кайра жанданды, жыл аягына чейин мындай өлкөлөрдүн санын 100гө жеткирүү мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков