Миландагы Ла Скала театрынын биринчи скрипкачысы Лаура Марзадори борбор калаада концерт берди. Казакстан менен Италиянын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында «Астана Опера» театрынын сахнасында «Италиялык параллелдер» аттуу музыкалык кече өттү. Буга байланыштуу атайын чакырылган чет элдик конок Антонио Вавилди легендарлуу «Мезгил» композициясын аткарды. Дүйнөлүк классиканын шедеври борбордогу театрдын камералык оркестринин аткаруусунда жаңырды. Опера солисттери менен бирге музыканттар италиялык эң популярдуу опералардан ариялардан жана дуэттерден турган уникалдуу программаны тартуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков