Буга республикада жүк ташуучуларга “Ачык асман” режимине толук мүмкүнчүлүк берүү аркылуу жетишүү пландаштырылууда. Ошондой эле маселени чечүүнүн жолу катары өлкө бийлиги «күйүүчү май салыгы» түшүнүгүн мыйзамдардан алып салууну жана жалпысынан динамикалык баа системасын жөнгө салуу сунушталып жатат. Өкмөттүн жыйынында транспорт, байланыш жана отун-энергетикалык комплекс тармагындагы атаандаштыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде мунай өнүмдөрүн дүңүнөн сатуу чөйрөсүндөгү бардык процесстерди автоматташтыруу, бирдиктүү электр энергиясын сатып алуучу кызмат көрсөтүүлөрүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жеке темир жол транспортун өнүктүрүү, ошондой эле жеткирүү жараяндарын пландоо жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу боюнча чаралар талкууланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков