Батыш өлкөлөрү Казакстандын азыркы өткөөл жолун кубаттап, колдоого алышы керек. Мындай пикирин британиялык The Independent гезитине экономист жана саясат таануучу Владислав Иноземцев жазды.
Владислав Иноземцев, саясат таануучу:
- Бүгүнкү күндө Казакстан ар дайым ири социалдык реформалардан кийинки ири экономикалык жана саясий реформалардын алдында турат. Өнүгүү экономикасын көп жылдар бою изилдеген окумуштуу катары Казакстандын жолу мага Чыгыш Азиянын «классикалык» тажрыйбасын, атап айтканда, Түштүк Кореядагы, Тайвандагы, Индонезиядагы жана албетте, Кытайдагы модернизацияны эске салат. Мен Батыш дүйнөсүнө Орусия менен Кытайга чектеш аймакта союздаш керек деп эсептейм. Батыш өлкөлөрү Казакстанды түптөөнүн тарыхый мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жибербөөсү керек. Анткени, бул постсоветтик мейкиндиктин эң динамикалуу жана геосаясий жактан маанилүү бөлүгү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков