Жалпы улуттук коалициясынын мүчөлөрүнүн аймактарга сапарлары уланууда. Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов баштаган топ Шымкент шаарынын тургундары менен жолугушту. Кыймылдын мүчөлөрү илимий коомчулуктун өкүлдөрүнө, маданият тармагынын кызматкерлерине жана ишканалардын эмгек жамааттарына Баш мыйзам долбоорунун жаңы текстин түшүндүрүштү. Жолугушууда Негизги документтин жаңы редакциясында адам укуктарына, эмгек коопсуздугуна, билимге басым жасалганы белгиленди. Коалициянын жетекчиси жаңыланган Конституция долбоорунда өлкөнүн өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөй турган негизги баалуулуктар аныкталганын белгиледи.
Ерлан Кошанов, Парламент межлисинин төрагасы:
– Биз бийик максаттарга алып баруучу улуу жолго дагы аттанып жатабыз. Алдыбызда кеңири масштабдагы иштер турат. Ага биз качан жана кантип жетебиз? Биз адилеттик курган кезде гана жетебиз. Мыйзам менен тартип үстөмдүк кылган кезде гана жетебиз. Жаштарыбыз билим менен илимдин, инновация менен технологиянын тилин толук өздөштүрсө гана жетебиз. Ага миң жылдык тарыхыбыз жана өз маданиятыбыз менен жетебиз. Бул баалуулуктардын баары жаңы Конституцияда так жана даана чагылдырылган.
Ардак Монтаев, Ауэзов университетинин саясат таану кафедрасынын башчысы:
– Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдардын туруксуз болуп, дүйнөдө ынтымак менен биримдиктин, коопсуздуктун деңгээли төмөндөөдө. Ар бир мамлекет өзүнүн ички саясатын ушундай шартта чыңдап, институттарын бекем кармоого аргасыз. Ушул жагдайда биздин мамлекет башчыбыздын сунуштап жаткан Конституциялык жаңылануусу тек гана убакыттын талабы эмес, ал стратегиялык зарылчылык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

