«Нур Отандын» «Аманат» болуп өзгөрүшү уюмдагы масштабдуу өзгөрүүлөрдүн башталышы гана. Бул казакстандык серепчилердин пикири. Алардын айтымында, партиядагы өзгөрүүлөр анын жетекчилиги коомдук пикирге кулак салгандыгын жана эл менен диалогду мындан ары да жигердештирүү ниетинде экенин көрсөтүп турат.
Жулдызай Ыскакова, Казакстан коомдук өнүгүү институтунун серепчиси:
- Партиянын күчтүү жактары – анын институционалдык базасы, өтө кеңири электораты, ал эми алсыз жактары – «Нур Отан» партиясынын ашкере бюрократизациясы, экинчиден, элдин кызыкчылыгын коргобогондугу. Муну үчтүн айындагы окуялар ачык көрсөттү. Эми партиялардын, саясий партиялардын саны көбөйөт деп ойлойбуз. «Нур Отан» партиясынын партия мүчөлөрүн сактап калуу жана жигердүү иштеши үчүн башкысы көз карашын өзгөртүү керек.
«Аманат» партиясы өз принциптери менен жумуш усулдарын жаңылоого киришкендиги максатка ылайыктуу. Евразиялык интеграция институтунун мүдүрү Оразгали Селтеевдин пикиринде, партиянын иши коммуникацияларды жолго коюудан баштап, натыйжалуу жыйынтыктарга багытталышы керек.
Оразгали Селтеев, Евразиялык интеграция институтунун мүдүрү:
- Азыр партия менен шайлоочулардын, борбордук аппарат менен филиалдары, депутаттар менен элдин ортосундагы байланышты арттыруу маанилүү. Башкача айтканда, иш саясий уюмдун атын, логотибин өзгөртүү менен чектелбеши керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков