Казакстанда экотуризмдин популярдуулугу жана тартымдуулугу
өсүүдө. Саякаттын бул түрүн тандагандардын саны эки эседен ашык өстү. Мындай
тыянакты өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги акыркы 3 жылдын
көрсөткүчтөрүнө таянып чыгарды. Алсак, 2020-жылы экотуристтердин саны 985 миң
болсо, 2022-жылдын аягына чейин алардын саны 2 миллиондон ашкан.
Нуртас Байларов, маданият жана спорт министрлиги
комитетинин башкы серепчиси:
Бул маалыматтар Казакстанда экотуризм индустриясы
канчалык тез өнүгүп жатканын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда экотуризмдин
маданияты да белгилүү деңгээлде калыптанууда. Республиканын улуттук сейил
бактарында туристтик борборлор, кемпинг жана глампинг сыяктуу жаңы туристтик
объектилердин саны көбөюп жатат. Бул жерлерде конокторго жергиликтүү экосистема, жапайы жаныбарлар,
туристтик жерлер, эс алуу борборлору тууралуу маалымат берилет. Акыркы эки
жылда Казакстандын улуттук сейил бактарында 14 туристтик борбор ачылса, анын
жетөө жеке каражаттардын эсебинен ачылган. Кошумчалай кетсек, өлкөдө глампинг
аянтчаларынын саны 38ге жеткен.
Баяндамачы ошондой эле республикада туристтик багыттардын
жана жөө жүрүштөрдүн саны көбөйүп, туруктуу бизнести түзүү үчүн тиешелүү колдоо
чаралары көрүлүп жатканын айтты. Мыйзамдардын маалымат базасы толукталып,
виртуалдык турлар кошулду. Виртуалдык демекчи 3D аркылуу
интерактивдүү саякаттоо ыкмасы Батыш Алтай коругунда, “Күлсай көлдөрүндө”,
Катон-Карагай, Сайрам Өгөй жана Тарбагатай улуттук парктарында киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков