Нур-Султанда сейрек кол жазмалар көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда сейрек кол жазмалар көргөзмөсү ачылды

Караханиддер, байыркы Түрк каганат жана казак хандыгы доорлорунун маданияты менен тарыхынан кабар берген сейрек кездешүүчү кол жазмаларды эми борбор калаанын тургундары көрө алышат. Нур-Султан шаарында «Улуу Талаа тарыхынын жазма мурасы» аттуу уникалдуу көргөзмө ачылды. Иш-чаранын уюштуруучусу, «Кол жазмалар жана сейрек китептер» улуттук борборунун мүдүрү Жандос Болдыковдун айтымында, экспонаттар 7-кылымга таандык. Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, ислам дининин негизги китебинин дүйнөдө 7 нускасы болсо, алардын бири атайын бул көргөзмөгө коюлган.

Жандос Болдыков, кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун мүдүрү:

Биздин борборубузга бүгүн 5 жыл. Анын ичинде 1500дөй китеп болду. Сейрек кездешүүчү китептер. Бардыгы болуп 6000 болсо, анын 1500ү сейрек кездешет. Эми биздин максат Казакстан боюнча жакынкы 3 жылда сейрек кездешүүчү китептерди чогултуп, аларды коргоо. 5 жылдын ичинде чет өлкөдөн алып келүү. Биз атайын чет өлкөгө чыгабыз, Өзбекстанда, Түркияда, Орусияда, Европада, Англияда, Германияда көптөгөн китептер бар. Анын баарын бир борборго чогултуу. Бул чыныгы руханий кенч.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында ата мекендик жаш окумуштуулар оригиналдуу булактар ​​менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Белгилей кетсек, борбор калаанын тургундары жана коноктору экспозицияны 1 ай бою көрө алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков