«Ачык» тиркемеси иштей баштагандан бери 46 миңден ашуун адам Казакстандын коомдук жайларына кызыл жана сары макамы менен барууга аракет кылышкан. Ал эми алардын 30 миңинде ПЧР-тестинин анализи тастыкталган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Бул кооптуу эпидемиядан жапа чеккен адамдар обочолонуу режимин сактабайт жана башкаларга коркунуч туудурат дегенди билдирет, - дейт мекеме башчысы.
Алексей Цой, КРнын Саламаттыкты сактоо министри:
- Жеке өзүмдүн атымдан коркунуч туудурган жарандар үчүн жарандык жоопкерчиликти сезип, илдеттин таралуусуна өз салымыңыздарды кошпооңуздарды өтүнөм. Катуу карантиндик чараларга карабастан, үйлөнүү үлпөтү, эскерүү жана башка иш-чаралар дагы деле кээ бир жерлерде өтүүдө. Буга байланыштуу жергиликтүү аткаруу органдарынан мониторинг топторунун ишин күчөтүүнү суранам.
Министр ошондой эле кооптуу вирустун жайылышын азайтуу үчүн бир катар чараларды сунуштады. Алардын катарында дем алыш күндөрү кызыл жана кочкул кызыл аймактарда локдаун, вакцинациялоо жана эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү бар. Мындан тышкары, жакын арада «Ачык» тиркемесинин үзгүлтүксүз иштөө режими кайра каралышы мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков