Түркистанда абанын температурасы +45 даражага чейин көтөрүлөт

Түркистанда абанын температурасы +45 даражага чейин көтөрүлөт

Казакстандын түштүк аймактарында аптаптуу ысык. Синоптиктердин божомолунда жакынкы күндөрү Түркистан облусунда абанын температурасы +40 даражадан ашышы мүмкүн. Дарыгерлер өнөкөт оорулары бар тургундарды теке айынын аптаптуу күндөрүндө этият болууга чакырат. Эгерде зарылчылык болбосо, ишти кийинкиге калтырууга кеңеш беришет.

Асия Кыдырбаева, синоптик:

- Түркистан шаарында эртең +39-41 даража ысык болот. Андан кийин абанын температурасы теке айынын 21-22де +45 даражага чейин көтөрүлөт. Мындай 45-46 даража ысык аба ырайы теке  айына мүнөздүү көрүнүш.

Айназ Ахметова, дарыгер:

- Ысыган сайын кандын курамы коюулана баштайт. Андан кийин уюган тромбдор пайда болот. Инфаркт болушу мүмкүн. Бул жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар арасында өзгөчө кооптуу деп эсептелет.

Ак халатчандардын айтымында, муздатуу системасын күндүз колдонуу да терс таасирин тийгизет. Эң жакшысы, ал техника кийинки бөлмөгө орнотулганы абзел. Ошондой эле, адамдар башына күн өтүп кетпөө үчүн көлөкө жерлерде жүрүп, сууну көп ичүүсү керектигин адистер айтышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков