Мекендештер форуму 200дөй этникалык казактын башын бириктирди

Чет өлкөдөгү этникалык казактардын дарамети Казакстандын өнүгүшү үчүн пайдаланылынат. Борбор калаада дүйнөнүн 40ка жакын өлкөсүнөн келген 200дөй делегациянын катышуусунда Мекендештер форуму өтүп жатат. Иш-чарага өлкөдөн алыс жашаган казак уюмдарынын жетекчилери жана активисттери, илимдин, билим берүүнүн, маданияттын, бизнестин, маалымат каражаттарынын, саясаттын жана башка тармактардын көрүнүктүү өкүлдөрү жана белгилүү ишмерлери келишти. Иш-чаранын алкагында «Өлкөнүн өнүгүүсүндөгү кандаштардын ролу», «Мекендештердин интеллектуалдык дарамети – улуттук баалуулуктарды жайылтуунун кыймылдаткычы», «XXI кылымдагы казак тили жана бүгүнкү күндөгү мүмкүнчүлүктөрү», «ЖМК жана заманбап тенденциялар» темалары боюнча сессиялар мерчемделген.

Абзал Сапарбек уулу, «Мекендештер» фонду» КэАК президенти:
- Бул сессиялардын максаты – чет жердеги казак мекендештерибизди тынчсыздандырган татаал көйгөйлөрдү талкуулоо гана эмес, алардын чечүү жолдору жана иштеп жаткан долбоорлору менен бөлүшүү, тажрыйба алмашуу. Бул иш-чаранын алкагында биз ата мекендик аталган тармакта иштеп жүргөн түзүмдөр, инсандар жана чет жердеги кандаштар ортосунда байланыш түзүп, кызматташууну максат кылып жатабыз.

Ар кандай себептер менен Түркияга кеткен ар бир казакка жардам берүү биздин ыйык милдетибиз дейт Анар Байжанова. Түркиядагы казак диаспорасынын өкүлү жана «Түркестан» эл аралык платформасынын президенти тарыхый мекенинен алыс болсок да жүрөгүбүз казак деп согот деген пикирин айтат. Болгондо да тарыхый мекенинин аброюн көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди. Айрыкча Түркиядагы катуу жер титирөөдөн кийин ал жактагы казактар ​​биригип, боордош элге ыктыярчы катары кызмат көрсөткөнү казак элинин биримдигин көрсөттү. 

Анар Байжанова, «Түркестан» эл аралык платформасынын президенти:
- Бүгүн дүйнө жүзүндөгү казактардын башын бириктирүүгө багытталган көптөгөн идеялар айтылды. Андан сырткары каада-салтыбызды, тилибизди сактоо боюнча сунуштарды уктук. Биз үчүн алыстык тоскоолдук эмес. Мекенибизге болгон сүйүү ар дайым  жүрөгүбүздө. Ошондуктан биз Казакстанды өнүктүрүү үчүн аракет кылып, маселе жаралса жардам бергенге даярбыз.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысынын кеңешчиси Малик Отарбаев Касым-Жомарт Токаевдин саламын жолдоду. Казакстандын президенти дүйнө жүзүндөгү кандаштардын башын бириктирүү ыйык милдет экенин айтып, алардын тарыхый мекенине кайтып келишине, эмгектенишине зарыл шарттар түзүлө турганын билдирди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков