Нур-Султанда «QAZAQ ELI» көргөзмө долбоорлорунун сериясы ачылды

Нур-Султанда «QAZAQ ELI» көргөзмө долбоорлорунун сериясы ачылды

Заманбап казакстандык искусствонун жана Улуу Талаанын тарыхый мотивдеринин айкалышы. Борбор калаада өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Qazaq Eli көргөзмө долбоорлорунун сериясы ачылды. Көчмөндөрдүн тиричилик буюмдары, уникалдуу зер буюмдары жана сүрөттөрү камтылган экспозициялар Тынчтык жана Ынтымак сарайынын үч кабатында жайгашкан. Биринчи кабатта «Тулпар» аттуу заманбап сүрөттөрдүн көргөзмөсү коюлган. Анда Казакстан, Түркия жана Молдовадан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери сунушталган.

Лейла Махат, көргөзмө долбоорлорунун куратору, борбор калаа галереясынын жетекчиси:

- Биринчи кабат эскиден отчёт бериши керек болду. Андыктан казак элинин ыйык жаныбары, ишенимдүү шериги болгон жылкынын элесин көрсөтүүгө аракет кылдык. Жылкылар абдан кооз, көрктүү жаныбар. Бул боюнча ашыкча түшүндүрмө берүүнүн кажети жок. Сүрөттөн баары түшүнүктүү. Биз бардык долбоорлорубузда биримдикти көрсөтүп, анын образын калыптандырып келебиз. Ошондуктан бул жолу биз мурунку долбоорлорго шайкеш келе турган экспонаттарды жана көркөм чыгармаларды тандап алдык. Көргөзмө үчтүн айынын аягына чейин уланат, мындан ары да уланта беришибиз мүмкүн.

Сержан Башировдун «Kebeje» аттуу көргөзмөсү көрүүчүлөрдү ар түрдүүлүгү жана кайталангыстыгы менен таң калтырууда. Ал 30 жылдан ашык убакыттан бери көчмөн элдин байыркы тиричилик буюмдарын чогултуп келет. Алардын арасында Казакстандын бардык аймактарынан чогултулган жүн, сөөк, металл жана жыгачтан жасалган буюмдары бар. Ошондой эле, сүрөтчү өз колу менен күмүш шакек, тумар жана түрдүү көз мончокторду жасайт.

Сержан Баширов, коллекция чогултуучу, Казакстан сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү

- Көргөзмөдө казакстандык кездемелер, килемдер, тушкийиздер, саймалуу буюмдар жана сандыктар, эмеректер коюлган. Мен 80-жылдардын аягынан, башкача айтканда, 87-88-жылдарга чейин казактардын үй буюмдарын, боз үйдүн ичине коюла турган буюмдарды, кол өнөр чеберлеринин шаймандарын чогултуп келем. Баарыңыздарды көргөзмөнү көрүп кетүүгө чакырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков