Казакстанда жаңы «жашыл» долбоорлор ишке кошулат

Казакстанда жаңы «жашыл» долбоорлор ишке кошулат

Ошентип, кытайлык компания Жамбыл облусунда кубаттуулугу 1 ГВт болгон шамал электр станцияларын, ошондой эле жел турбиналары үчүн мунараларды жана калактарды чыгаруучу заводдорду, буга кошумча генераторлор үчүн гондолаларды кураштырган ишканаларды курууга ниеттенүүдө. Инвестор бул долбоорлорго 150 миллион доллардай каражат бөлүүнү көздөп жатат. Мындан тышкары Костанай облусунда дагы бир шамал электр станциясы курулат. Акимчиликтин маалыматына караганда, долбоор 2027-жылга чейин ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 50 МВтка жетиши мүмкүн. Белгилей кетсек, өткөн жылы облуста 26 миллиард теңгеден ашык жеке инвестиция менен Ыбырай шамал электр станциясы ишке киргизилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков