Астананын темир жол бекеттеринен Жеңиштин 80 жылдыгына арналган тематикалык поезддер чыкты. Вагондордо белгилүү баатыр Бауыржан Момыш уулунун, Алия Молдагулова, Маншук Маметова, Рахимжан Кошкарбаевдин жана башка фронтовиктердин портреттери жайгаштырылган. Бул алардын эрдигин жана баатырдыгын урматтоону билдирет. Вагондордун көркөм жасалгасы жүргүнчүлөрдү шыктандырып, өзгөчө дем берди. Ал эми поезд коштоочулар көкүрөктөрүнө Казакстандын Жеңиш лентасын такты. Белгилей кетсек, темир жол курамы бугу айынын аягына чейин «Астана-Атбасар» жана «Астана-Алматы» каттамдары боюнча каттайт.
Нариман Дүйсекеев, «Жүргүнчүлөрду ташуу» АК басма сөз катчысы:
- Ушундай креативдүү, кооз дизайн жүргүнчүлөргө укмуштуудай атмосфераны сезүүгө мүмкүндүк берди. Бул Жеңиш Руху. Уникалдуу иллюстрация менен сапарга чыккандарга, анын ичинде кичинекей жүргүнчүлөрүбүзгө жеңишти жакындатууга салым кошкон баатырларыбыздын кандай болгонун көрсөтөбүз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

