Мамлекет башчысы Токаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

Мамлекет башчысы Токаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Мардин жана Газиантеп провинцияларындагы жол кырсыгынан көптөгөн адамдардын каза болгондугуна жана бир катар жарандардын оор жаракат алганына байланыштуу президент Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. «Бүткүл казак элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө, ошондой эле боордош түрк элине көңүл айтам», - деп айтылат маалыматта. Муну менен катар, президент жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков