Нур-Султанда «Номад коду» форуму менен «GLOBAL NOMADS FASHION AWARDS» эл аралык сынагы уюштурулду

Нур-Султанда «Номад коду» форуму менен «GLOBAL NOMADS FASHION AWARDS» эл аралык сынагы уюштурулду

Бүгүнкү күндө бренд – бул өлкөнүн жүзү, аброю. Аны экономикасы жана саясаты менен катар коюуга болот. Бул тууралуу борбор калаада өтүп жаткан заманбап көчмөндөрдүн «Номад коду» форумунда иш-чаранын уюштуруучусу Инна Апенко билдирди. Ишкердин айтымында, бүгүнкү күндө Казакстанды ар кандай ата мекендик бренддер аркылуу таанууга мезгил жетти. Бул максатта ал борбордо биринчи жолу «Номад коду» форумун жана дизайнерлердин «Global Nomads Fashion Awards» эл аралык сынагын уюштурду.

Инна Апенко, ишкер, иш-чаранын уюштуруучусу:

– Биринчиден, мен ишкермин. Ишкер катары өз товарларымды чет өлкөгө экспорттоп жатканда алар үчүн кайсы өлкөдөн келгеним маанилүү. Бул жараян менин бизнесиме өз таасирин тийгизет. Ошондуктан биз бүгүн бул форумда чыгармачыл тармактагы кесиптештерибиз, ишкерлер, белгилүү дизайнерлер, кесибине казак стилин кошуп таанылган мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте бул маселени көтөрүп жатабыз. Бул форумда биз көптөгөн суроолорго, анын ичинде көчмөндөрдүн өзгөчөлүгүнө жооп издейбиз. Кантип өзүбүздү бренд катары тааныта алабыз? Биз эмнени сыймыктануу менен көрсөтөбүз. Мына ушундай суроолорго жооп издейбиз.

Белгилей кетсек, «Номад коду» форуму алкагында жаш дизайнерлерди таанылууга, инвестор табууга шарт түзгөн «Global Nomads Fashion Awards» эл аралык сынагы өтөт. Сынакка 3000ден ашык арыз түшкөн. 300гө жакын ата мекендик жана чет элдик дизайнерлер тандалып, алардын 16сы финалга чыкты. Бүгүн алардын эмгектери элге тартууланып, эң мыкты 5 буюмга сыйлыктар тапшырылат. Уюштуруучулар, жеңишке жеткен келечекте өлкөнүн улуттук кодуна таасир эткен туризм, маданият жана тарых тармагындагы алдыңкы компаниялар менен биргеликте иштешээрин билдиришти.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков