Казакстанда
бир нече тоо-кен ишканалары ишке кирет. Алардын бирин жыл аягына чейин Абай
облусундагы Беркарин кен жайы базасында
ишке ашыруу пландалууда. План боюнча алар жылына 600 мин тонна руда жана 5500
тонна катоддук жез чыгарышат. Ошондой эле облуста көмүрдү десорбциялоо жана
электролиздөөчү завод ишке кириши күтүлүүдө. Суздаль кенинде металлургиялык
завод ачуу мерчемделип жатат. Кошумчалай кетсек, өлкөнүн батыш аймагындагы ири
газ кени 2023-жылдын аягына чейин ишке берилет. Ал жылына 1 миллиард кубометрге
чейин газ өндүрөт. Рожковское кенинен алынган чийки зат газды кайра иштетүүчү
заводго жеткирилип, андан кийин ички рынокко жөнөтүлөт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков