Борбордун инфраструктурасын модернизациялоо үчүн заманбап интеллектуалдык жана санариптик чечимдерди табуу. Калаа жетекчилиги Astana Hub уюмунун колдоосу менен эң мыкты IT долбоорлордун сынагын жарыялады. Сунуштардын санына чек жок. Негизги талап - акылдуу технологиялардын жардамы менен шаардын жашоосун оптималдаштыруу жана тургундардын калыптагы жашоосун жеңилдетүү. Демилге жаңы сунуш эле эмес, толук кандуу бышып жетилген долбоор болууга тийиш. Башкача айтканда, рынокко жаңыдан кирип жаткан күндө да өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышы керек. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жай-коммуналдык чарба, экология, коопсуздук жана транспорт тармактарына артыкчылык берилет. Арыздар ушул айдын 22не чейин кабыл алынат. Ал эми баш оона айынын 26да мыктылары тандалат.
Асем Төлеген кызы, Astana Hub корпоративдик инновациялар жана санариптик кызматтар кеңсесинин башкы менеджери:
- Шаардагы жол кыймылына байланыштуу бир катар көйгөйлөр бар. IT-компаниялар борбордогу жол кыймылын жөнгө салып, жакшыртса, өлкөбүздөгү көптөгөн айдоочулардын кыйынчылыктары чечилмек. Мындай мүнөздөгү долбоорлор колдоого алынат. Бирок, даяр чечимдер гана болушу керек. Менимче, бул IT-компаниялардын өнүгүшүнө уникалдуу сунуш. Шаар чоң. Андыктан буйрутмалардын көлөмүн көбөйтүү үчүн өзүн жарнамалайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков