«Саймачылык» өнөрүн улуттук бренд катары дүйнөгө тааныткан инсан

Казак элинин саймачылык өнөрүн «улуттук бренд» катары дүйнөгө таанытуу. Унутуп бара жаткан саймачылык өнөрдү кайра тарбиялап, аны заманбап искусство менен айкалыштырган инсан. Гүлназым Өмирзак эмгекти талап кылган искусствонун түрү – «саймачылык» ыкмасын өздөштүрүп алган. Элдин асылдыгын бүткүл дүйнөгө искусство аркылуу көрсөтүүнү максат кылган чебер сайманы азыркы заманга ылайык панно кылып жасаган. Гүлназымдын саймачылык техникасында жасаган эмгектеринин башка кылкалем чеберлеринен айырмасы казактын саймачылык өнөрүнүн сүрөтчүлүк менен бириктире алгандыгында. Саймачылыкта Гүлназым каныккан түстүү абстрактуу сүрөттөрдү тартуу менен алектенет. Деген менен анын бардык сүрөттөрүндө аялдын турпаты чагылдырылган. Таланттуу чебер саймачылыктан тышкары май боек менен сүрөттөрдү жаратат. Бүгүнкү күндө өз өнөрү менен аты алты алашка эле эмес, дүйнөгө белгилүү болгон чебердин чыгармалары Люксембург сыяктуу шаарлардан жана ошондой эле Германия, Франция, Түркия, Орусия мамлекеттеринин өнөр галереясынын төрүнөн орун алган.

Гүлназым Өмирзак, кол өнөрчү:
-Саймачылык өнөрү адамдын жан дүйнөсүн тынчтандырган керемет өнөр деп эсептейбиз. Анткени, бул байыркы өнөр, чоң апаларыбыздын көзү, бизге мурас болуп калган. Бул мурасты дагы талапка жараша жаңыча үлгүдө, жаңыча өнүктүрүшүбүз керек. Ал тургай үйрөнгүсү келген жана үйрөнүп жаткан өзгөчө чет элдик айымдар көп. Анткени бул абдан татаал, абдан кызыктуу жана бир сырдуу искусство дегенге болот.


Которгон: Илгиз Жамалбеков