Нур-Султанда дүйнөлүк диндердин 20дан ашык сүрөттөрү көчмө көргөзмөгө коюлду. Экспозициянын негизги максаты – 130дан ашык этностун жана 17 конфессиянын өкүлдөрү жашаган конфессиялар жана этностор аралык ынтымактын уникалдуу казакстандык моделин көрсөтүү. Иш-чараны өлкөнүн Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен Нурсултан Назарбаев атындагы Конфессиялар жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү борбору уюштурган. Белгилей кетсек, уникалдуу фотокөргөзмө аяк оона айынын ортосунда өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин жетинчи курултайына карата болууда.
Булат Сарсенбаев, конфессиялар жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү боюнча Н. Назарбаев борборунун төрагасы:
- Көргөзмөдө христиан, ислам, иудаизм жана буддизмге тиешелүү сүрөттөр коюлган. Көрүүчүлөргө чыгармалар кызыктуу болот - деп ойлойм, анткени аларды бизге Египеттеги, Исламабаддагы, Орусиядагы жана башка мамлекеттердеги өнөктөштөрүбүз жөнөтүшкөн. Ошондой эле Улуттук музейде Казакстандын дин тарыхы боюнча экспозиция ачууну пландап жатабыз. Курултайдын тарыхына арналган фото көргөзмөнү Байтеректин жанында өткөрөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков