Казакстанда жаңы саясий маданият калыптанууда. Мунун бир далили жетинин айынын 20да өтө турган кезексиз президенттик шайлоо болмокчу. Мындай пикирлери менен өлкөнүн коомдук саясий институтунун талдоочулары бөлүштү. Алардын айтымында, мурдагы жана жаңы түзүлгөн партиялардын талапкерлери бирдей талаптар менен бирдей негизде саясий жарышка чыгышат. Мындан тышкары, бул жарышта президенттик тизгинди колго алууну каалаган түрдүү коомдук бирикмелердин кызыкчылыгын колдогон талапкерлер да бар. Жалпы саясат таануучулардын пикиринде, мындай өнөктүк өлкөнүн саясий системасын түп тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн. Башкача айтканда, шайлоо жараянын жаңы этабын баштоого жол ачат. Анын негизги максаты – өлкөнүн ишенимин актап, элдин жыргалчылыгын жогорулатуу. Бул жолку тандоо түздөн-түз өлкө жарандарынын колунда дешет серепчилер.
Николай Кузьмин, Коомдук саясий институтунун башкы серепчиси:
Эң негизгиси, кезексиз президенттик шайлоо өлкөдө жаңы электроалдык мезгилинин башталышына жол ачат. Анткени мындан соң жергиликтүү деңгээлдеги аймактык шайлоо процесси башталат. Мындан ары миллиондогон казакстандыктар алдыдагы убакытта туруктуу жашаган жери боюнча, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн өздөрү тандашат.
Президенттик шайлоого эки күн калды. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн ар бир жарандын добушу зарыл экенин адистер белгилешет. Шайлоо – өлкөнүн саясий турмушуна түздөн-түз таасир этип, жарандык позицияны билдирүүнүн бир жолу болуп саналат.
Куаныш Сайлау, Казакстандын стартегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери
Биздин тарыхыбызда биринчи жолу президентти 7 жылдык бир мөөнөткө шайлайбыз. Бул жагынан алдыдагы шайлоо өтө маанилүү жана масштабдуу саясий электроалдык мезгилинин башталышы болуп саналат. Келерки жылы Казакстандын жарандары Мажилиске, Маслихат шайлоолоруна катышып, жергиликтүү деңгээлде акимдерди түз шайлоо болот. Ал ортодо эл арасында шайлоо маданияты калыптанып келе жатат. Бул шайлоо маданиятынын ийгилиги ар бир жарандын жигердүү катышуусунун натыйжасында гана мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков