Чыгыш Казакстан облусунда ири долбоор ишке ашты. Алтай тоолорунда Тургусун гидроэлектростанциясы пайдаланууга берилди. Станциянын кайра жанма энергиянын объекти катары ишке киргизилиши көмүр кычкыл газынын жыл сайын бөлүнүп чыгуусун 680 тоннага азайтат. ГЭС өнөр жайлуу аймак үчүн маанилүү стратегиялык милдеттерди да чечет. Ал дээрлик бүткүл Чыгыш Казакстан облусун электр энергиясы менен жана Алтай чөлкөмүнүн энергетикалык керектөөлөрүнүн 25% тоо-кен иштетүү комплекси жана туристтик объектилер менен камсыз кылат. ГЭСтин опциясында өлкөнүн энергетика системасына 30 секундда кошулууга мүмкүндүк берген эң акыркы жабдуулар бар. Ошол эле ЖЭБде ишке киргизүү мөөнөтү 2 жумадан жана андан көпкө созулат.
Антон Непомнящий, ТОО «Тургусун-1» нөөмөтчү инженери:
- Генераторду системага кошуу болжол менен 2-2,5 мүнөттү талап кылат. Эгер ал муздак болсо, анда баш-аягы 30 секундда системага кошулууга үлгүрөт.
Тургусун-1 ГЭСинин биринчи этабын курууга жеке инвесторлор дээрлик 14 миллиард теңге инвестиция салышкан. Каржылоонун негизги үлүшү, болжол менен 64% Байтерек улуттук холдингинин туунду компаниясы болгон Казакстандын Өнүктүрүү банкына, анын туунду компанияларына - Өнөр жайды өнүктүрүү фондуна жана Дибикей, экьюити фанд фондуна туура келет.
Калаубек Баймуханбетов, ТОО «Тургусун-1» мүдүрү:
- Бул долбоор үч каржы институтунун каржылык колдоосунун жардамы аркасында ийгиликтүү ишке ашты. Тургусун ГЭСи кичи ГЭС деп аталганы менен дагы эле жакшы натыйжасын берип жатат.
ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо үчүн түзүлгөн инфраструктура: кирүүчү жолдор, көпүрөлөр, электр линиялары жана байланыш линиялары бүтүндөй аймактын жашоосу үчүн чоң мааниге ээ. Анткени ал транспорттук жана маалыматтык камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түзөт. Муну менен катар, аймактын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.
Тулеген Каренов, Казакстандын Өнүктүрүү банкынын кардарлар менен иш алып баруу дирекциясынын банкири:
- Казакстандын Өнүктүрүү банкы өлкөдө энергиянын кайра жанма энергия булактары боюнча долбоорлорду колдогон алгачкы каржы институттарынын бири. Пилоттук долбоорлордун бири Тургусун ГЭСи болуп саналат. 2020-жылдын статистикасына ылайык, кайра жанма энергия булактары боюнча долбоорлордун жалпы көлөмүнүн 17,5 пайызы банк тарабынан каржыланган.
Келечекте Тургусун-ГЭСи энергетикалык кубаттуулугун олуттуу түрдө жогорулатат. Тургусун дарыясынын каскадын бойлото жалпы кубаттуулугу 120 мегаватттан ашык болгон дагы эки станция курулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков