Казакстан 2024-жылы дээрлик 70 миллион тоннага жакын мунайды экспорттоону көздөөдө

Казакстан 2024-жылдын аягына чейин дээрлик 70 миллион тонна мунай экспорттоого ниеттенүүдө. Ошол эле учурда аны өндүрүүнүн көлөмү болжол менен 88 жарым миллион тоннаны түзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин башчысы Мажилисте өткөн өкмөттүк саатта билдирди. Алмасадам Саткалиев белгилегендей, өлкө негизинен “кара алтынды” Каспий куур консорциуму аркылуу берет – бул дээрлик 55 жарым миллион тонна мунайды түзөт. Атырау-Самара мунай кууру аркылуу – 8,6 миллион тонна, калганы Актау порту аркылуу Кытайга кетет. Мындан тышкары, министр учурда кошумча транспорттук каттамдарды, анын ичинде Транскаспий эл аралык коридору боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалай кетти.  

 Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри: 

- 2024-жылга Баку-Тбилиси-Джейхан аркылуу бир жарым миллион тонна көлөмдөгү казак мунайын жеткирүү мерчемделген. Бул багыт боюнча жеткирүүнү жылына 20 миллион тоннага чейин көбөйтүүнүн келечектери изилденип жатат. Баку-Супса мунай куурунун мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Өткөрүү кубаттуулугу жылына 5 миллион тоннаны түзөт. Жеткирүүнүн мүмкүн болгон көлөмү жылына 3 миллион тоннага чейин жетет. 

Ошондой эле, министрдин айтымында, Казакстанда кубаттуулугу жылына 10 миллион тонна мунай иштетүүчү жаңы заводдун курулушу каралып жатат. Анын Батыш Казакстан облусунда курулушу күйүүчү-майлоочу материалдарды Борбордук, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын рынокторуна экспорттоого мүмкүндүк берет. 

Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри: 

- 2030-жылга чейин муктаждык толугу менен жабылат. Бул заводдун курулушунун башталышы алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелердин алкагында ошол убакытка чейин бизде кандай муктаждык бар экенин көрсөтүү менен аныкталат. Эгерде курулуштун мөөнөттөрү жөнүндө айта турган болсок, долбоор аяктаган күндөн тартып 36 ай деп белгиленген.  Башкача айтканда, биз 2030-жылдан 2040-жылга чейин завод курула турган диапазон жөнүндө айтып жатабыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков