Казакстанда немис үлгүсүндөгү сүт борбору курулат

Казакстанда немис үлгүсүндөгү сүт борбору курулат

Казакстандын сүт импортуна болгон көз карандылыгын 39%дан 11%га чейин төмөндөтүү пландалууда. Бул максатта өлкөдө немец үлгүсүндөгү жаңы сүт борборун түзүү көздөлгөн. Ал Алматы аймагындагы окуу илимий-өндүрүштүк борбордун базасында жайгашат. Чет элдик технологияга негизделген борбор саан уйлардан алынган өнүмдү көбөйтүүгө, жем-чөпкө талдоо жүргүзүүгө, иш протоколун түзүүгө жана сактоого багытталган. Агрардык окуу жайларынын адистери, студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнө кара малды натыйжалуу багуу үчүн зарыл болгон азыркы кездеги ыкмаларга үйрөтүлөт. Азыр ушундай борбор өлкөнүн түндүгүндө ийгиликтүү иштеп жатат. Анда Акмоладан, Костанайдан, Павлодардан жана Түндүк Казакстандан келген 16 пилоттук адистери билим алууда. Жаңы ачылган борбор тармактагы кадрлардын жетишсиздигин кыскартууга, терең иштетүүгө керектүү чийки заттын сапатын жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле тармактык адистердин айтымында, долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы дем берет.

Дамир Егизбаев, Айыл чарба министрлигинин басма сөз катчысы:

Азыр Түндүк Казакстан облусунун тажрыйбасы боюнча жецилдетилген каржылоонун эсебинен 65 сүт-товар фермасынын курулушу башталды. Быйыл бул программаны кеңейтүү жана ишке ашыруу үчүн 100 миллиард теңге бөлүнгөн. Ага жараша ишканалар өздөрүнүн ишин жакшыртуу үчүн биринчи кезекте кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга тийиш. Иштеп жаткан сүт-товар фермаларынан тажрыйба топтоо алда канча натыйжалуу болот. Ошондой эле сүт өндүрүшүнө жаштарды тартуу керек. Өлкөгө заманбап технологиялар менен катар ресурстарды жана билимдерди тартууга артыкчылык берүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков