Казакстанда «Санариптик теңгени» колдонуу чөйрөсү
кеңейет. Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай валютанын 250 миллиарды чыгарылган. Иштеп
чыгуучулар ар бир электрондук акча бирдигине уникалдуу санарип белгисин
коюшкан. Бул каражаттарды пайдалануунун бүткүл мезгилин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк
берет. Анын натыйжалуулугу «Айыл аманаты» программасы тарабынан текшерилген.
Мал сатып алуу үчүн дыйкандарга насыя берүүдө санариптик теңге пайдаланылды. Бул
жасалма келишимдердин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, ачыктыкты камсыз кылды. Олжас
Бектенов валютанын үчүнчү моделинин пилоттук долбоорун киргизүү боюнча кеңешме
өткөрдү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлкөнүн жалпы төлөм жүгүртүүсүнүн 90
пайызы жана санды биометрикалык идентификациялоо боюнча 30 миллионго жакын сунуш
иштелип чыккан. Антифрод борбору өз убагында бөгөттөгөн мыйзамсыз
транзакциялардын көлөмү 2 миллиард теңгени түздү. Ошондой эле үстүбүздөгү
жылдын жай айларында экинчи деңгээлдеги каржы институттары менен бирдикте QR аркылуу
банктар аралык төлөм кызматын ишке киргизүү мерчемделип жатат.
Бинур
Жаленов, Улуттук банк төрагасынын кеңешчиси:
- Быйыл
теке айынын 1не чейин бюджеттик программалардын топтомун сунуштайбыз. Анын
алкагында санариптик теңгени комплекстүү ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Аны
ишке ашыруунун ыкмаларын жана механизмдерин иштеп чыгуунун жүрүшүндө бизнес-жараяндардын
реинжиниринги жүргүзүлөт. Башкача айтканда, массалык ишке киргизүүнүн алдында
электрондук акчанын мүмкүнчүлүктөрү максималдуу түрдө эске алынган бир катар
пилоттук долбоорлор жүзөгө ашырылат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

