Innoprom Qazaqstan: иштеп чыгуулар конокторду таң калтырууда

Астанада Innoprom Qazaqstan көргөзмөсү уланууда. Ага КМШ өлкөлөрүнөн 300дөн ашык компания катышып, өздөрүнүн мыкты иштеп чыгууларын коомчулукка сунуштап жатат. Алардын өнүмдөрүн колдонуу чөйрөсү чакан авиация, жасалма интеллект жана медицинадан тартып транспорттук, логистикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго чейин. Мындан сырткары, алардын арасында өлкөнүн батыш аймагында 2025-жылы ишке киргизүү пландалып жаткан темир жол рельстерин чыгаруучу завод да бар. Ишкана 800 метр узундуктагы темир жолдорду даярдайт. Ошентип, республиканын бардык темир жол тармагы акырындык менен жаңыланат.

 Елнур Бейсембаев, Темир жол өндүрүшү ишканасынын мүдүрү:
-
Бул бириктирилбеген темир жол линиялары жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу поезддердин ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Казакстан Чыгыш менен Батыштын ортосунда жайгашкандыктан, мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, темир жол аркылуу ташылуучу жүктөр эми Чыгыштан Батышка тезирээк, жогорку ылдамдыкта жеткирилет. Буга кошумча биз алдыдагы убакытта КМШ рыногуна чыгууну каалайбыз. Ошондой эле Беларусь, Кыргызстан, Армения. Товарыбызды Орусия Федерациясынын базарларына сунуштоону көздөп жатабыз.

Казакстан павильонунун бөлүмдөрү көргөзмөнүн конокторун таң калтырууну улантууда. Айрыкча, “Казакстан инжиниринг” улуттук компаниясы тартуулаган робот итке өзгөчө көңүл бурулду. Күзөт кызматындагы робот Кытайда чыгарылган, бирок толугу менен ата мекендик ноу-хау менен жабдылган. Ал кароолчунун милдетин аткарып, аймакты көзөмөлдөйт. Жоголгон адамдарды издеп, ал тургай жеткирүү кызматтарын да жүргүзөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоону алдын алуу максатында сатып алууну пландап жаткан дрондор да көз жаздымда калган жок.

Артур Мосендз, «Казакстан инжиниринг» УК жарандык өндүрүш жана сатуу департаментинин мүдүрү:
-Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, тактап айтканда Өрткө каршы кызматы комитети менен алгачкы жеткирүү боюнча иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө 80ге жакын учкучсуз учуучу аппараттарына буйрутма бар. Быйылкы жылдын аягына чейин жеткиребиз. Анын өзгөчөлүгү – бул дрондор 4 саатка чейин уча алат, ошондуктан бир эле учурда чоң аймакты көзөмөлдөөгө болот. Бүгүнкү күндө биздин Кытай менен Чехияда өнөктөштөрүбүз, өзүбүздүн иштеп чыгууларыбыз, илимий-изилдөө борборубуз, өзүбүздүн инженерлерибиз да бар. Ошентип, биз республиканын бардык муктаждыктарын камсыз кылууга даярбыз.

 Которгон: Илгиз Жамалбеков