Маалымат агымы өнүккөн заманда коомдун медиа сабаттуулугун ачып, медиа маданиятын калыптандыруу. Буга байланыштуу Казакстанда медиа мектеп ачуу пландалууда. Ал ырааттуу маалыматтардын негизинде дифференцияланган маалымат таратуу ыкмаларын үйрөтөт. Өлкөнүн маалымат жана социалдык өнүгүү министри учурда бул багытта иштер жүрүп жатканын Astana Media Week форумунун панелдик сессиясында билдирди.
Дархан Кыдырали, Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри:
Менимче, медиа менеджерлерди даярдоочу мектеп болот. Ошондуктан китептерди, методикалык каражаттарды иштеп чыгууну пландап жатабыз. Бул жаатта заманбап журналисттердин атуулдары менен бирге карапайым жарандарды тарбиялоого ачык болобуз. Журналистика кафедралары, факультеттер менен биргеликте уюштурабыз деген ойдобуз.
Бул багытта Meta Казакстанда өкүлчүлүгү менен TikTok кеңсесин ачууну, ошондой эле медиа сабаттуулукту үйрөтүүнү көздөөдө. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар маалыматты тез жана оңой таратуунун куралына айланды. Андыктан борбордо өтүп жаткан медиа жумалыктын алкагында социалдык тармактар менен интеграция кеңири талкууланууда.
Анастасия Панина, Чыгыш Европадагы TikTok global business solutions мүдүрү:
Тик-Ток платформасы Казакстанда абдан популярдуу. Бул жердеги мазмун дайыма жаңыланып, өзгөрүп турганын көрүп турабыз. Себеби, казак көрүүчүлөрү абдан чыгармачыл жана жаңы нерселерге ыкташат. Адамдар биздин платформаны колдонуп, өздөрүн таанытуу үчүн бүтүндөй өлкөнүн жакшы жагын көрсөтүүдө. Казакстанда музыканттар, мугалимдер жана энелер абдан активдүү. Ошондуктан, аларга жакын болуу үчүн ушул күздө Алматы, Астана шаарларында кеңселерди ачууну пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков