Республикалык жолдордун курулушуна 444 миллиард теңге бөлүнөт

Республикалык жолдордун курулушуна 444 миллиард теңге бөлүнөт

Курулуш иштери жалпысынан 59 долбоор боюнча жүргүзүлөрүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Биринчи кезекте маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлордун үстүндө иштөө пландалууда. Атап айтканда, Буктарма суу сактагычы аркылуу өтө турган көпүрөнүн курулушун улантуу, Семей шаарындагы көпүрөнү реконструкциялоо мерчемделген. Батыш аймактардагы жолдорду оңдоо да көңүл чордонунда. Бул иштер мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлөт. Ага ылайык, 2025-жылга карата жергиликтүү маанидеги жолдордун үлүшүн 95%га жеткирүү көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков