Аскерий парадка даярдык аяктоодо

Аскерий парадка даярдык аяктоодо

Астанада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдык көрүлүп жатат. Бугу айынын 3 жана 5-күндөру толук курамда акыркы машыгуулар пландаштырылган. Эскерте кетсек, парад бугу айнын 7си күнү, Мекенди коргоочулардын күнүнө карата, «Казак эли» монументинин жанындагы Көз карандысыздык аянтчасында өтөт. Бул маанилүү иш-чарада 4 миңден ашык аскер тизилип, 200дөн ашык курал-жарак жана аскердик техника өтөт. Ошондой эле парадга 66 аскер-аба учактары тартылат.

Тилек Серикбаев, Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскерлердин башкы кол башчысынын орун басары:

- Бүгүн ушул аянтчада машыгуу өткөрдүк. Машыгууга коргоо министри катышты. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата биздин аскерлер 80 пайыз жүрүшкө даяр. Бүгүнкү парадга жөө аскерлер да, атайын техникалар да тартылды. Бардыгы жакшы өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков