Астана эл аралык аэропорту мааракелик жүргүнчүсүн тосуп алды

Астана эл аралык аэропорту мааракелик жүргүнчүсүн тосуп алды

Астана эл аралык аэропорту 7 миллион 500 миңинчи жүргүнчүсүн тосуп алды. Мааракелик жүргүнчү Алматы-Астана багыты менен келген Бауыржан Сейтказиев. Аэропорттун жетекчилиги кол чабуулар менен тосуп алганда ал таң калганын жашыра алган жок. Анткени кайсы жүргүнчү мааракелик болору аэропорттун босогосун аттаганда гана белгилүү болгон.

Бауыржан Сейтказииев:
- Биз жаңы учактан түшкөндө билдик. Учактын ичинде билдирүү берилди. Биздин учакта 7,5 миллионунчу жаран учуп келе жатат, бирок аны учактан түшкөндө айтабыз дешти. Учактан түшүп келе жаткан кезде менин, баламдын жана жубайымдын аттары жазылып туруптур. Муну эч кимибиз күткөн эмеспиз.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн агымы 25%га өскөн. Астана аэропортунан суткасына 200дөн ашык рейс аткарылат. Ал эми 11 айда 30 миңден ашык учуу жүргүзүлгөн.

Ергазы Жолдасов, Астана эл аралык аэропортунун башкарма төрагасы:
- Биз 6 миллионунчу жүргүнчүнү 2019-жылы тосуп алганбыз. Эми  7 миллион 500 миңинчи жүргүнчүнү күтүп, 11 айдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков