Казакстандык окуучулардын долбоору Rise Global Winners 2024 программасы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 100 инновациянын катарына кирди. Беделдүү тизмеге кирген көз айнекти Атырауылык мектеп окуучулары жасалма интеллекттин негизинде жасашкан. Хайдар Атагулла менен Каирхан Лукпанов ойлоп тапкан акылдуу шайман 4 негизги функцияны аткарат. Бардык суроолорго жооп берет, текстти окуйт, сканерлейт. Муну менен катар көзү азиз адамдарга эркин жүрүү үчүн мейкиндикти багыттоого жардамдашып, имаратта болуп жаткан түрдүү кырдаалдарды сүрөттөп берет. Атамекендик жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн иштеп чыгууларын жакшыртууга жана сервис мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ниеттенүүдө.
Хайдар Атагулла, долбоор автору:
- Жалпысынан, менин негизги максатым-көзү азиз адамдарга жардам берүү. Мен алгач Python деген тилди окуп, программалоо боюнча дагы бир нече атайын курстарды алдым. Ошентип өз долбоорумду баштадым.
Которгон: Илгиз Жамалбеков