Казакстан өзгөчө корголуучу
жаратылыш аймактарында коргоочу курулуш объектилерин курууну мыйзам менен
бекитүүнү пландаштырууда. Бул селден, ылайдан жана кар көчкүдөн коргойт. Буга
стратегиялык мааниси бар суу чарба объекттери да кирет. Өлкөгө ошондой эле буга
чейин калктуу-конуш болгон улуттук парктар менен токой фондуна ээлик кылууга
уруксат берилет. Бул жерлерге мектептер, ооруканалар сыяктуу социалдык жана
инженердик инфраструктуралык объектилерди курууга болот. Өзгөчө корголуучу
жаратылыш аймактары жана токой чарбасы боюнча тиешелүү мыйзамды Мажилис биринчи
окууда кабыл алды. Сенатор Ольга Булавкинанын айтымында, мыйзам долбоорунун
нормалары мындай аймактар түзүлгөнгө чейин жана алар кеңейген мезгилде болгондорго
гана тиешелүү. Алар өлкөнүн Токой кодексинде бкитилет.
Ольга
Булавкина, Парламент Сенатынын депутаты:
- Биздин милдет-өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана токой фондун пайдаланууда аларды өнүктүрүүдө жана коргоодо тең салмактуулукка жетишүү. Мыйзам долбоорунда ошондой эле жергиликтүү калктын муктаждыктары үчүн мамлекеттик жаратылыш коруктарында чөп чабуу эрежелерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн ыйгарым укуктуу органынын компетенциясына өткөрүп берүү боюнча ченемдер камтылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

