Дүйнөлүк экономикадагы өсүү басаңдайт

Дүйнөлүк экономикадагы өсүү басаңдайт

Жакынкы эки жылда дүйнөлүк экономиканын өсүшү басаңдайт. Бул тууралуу БУУнун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын эксперттери билдирди. Алардын маалыматына ылайык, 2022-жылдын аягына карата ИДП 2,5%, 2023-жылы 2%дан бир аз көбүрөөк болот. Докладдын авторлору анын басаңдашына каскаддуу деп аталган кризистер себеп болгонун айтышууда. Алар коронавирустун пандемиясынан жана геосаясий тирешүүлөрдүн өсүшүнөн улам болгон. Жаңы экономикалык кырдаалдан Латын Америкасынын жана Африканын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү эң көп жабыр тартышат. Эксперттер ошондой эле чийки заттын баасынын тынымсыз көтөрүлүшүн жана дүйнөлүк рынокто биржалык алып сатарлар тарабынан түзүлгөн жасалма дүрбөлөңдү белгилешүүдө.

Ребека Гринспен, Соода жана өнүгүү боюнча БУУ конференциясынын башкы катчысы:

- Эми биз калктын аялуу катмарына, анын ичинде аз айлык алган жумушчуларга жана материалдык жактан кыйналган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүшүбүз керек. Аларга даректүү социалдык коргоо программалары зарыл.

Дүйнөлүк экономика боюнча пикирин Эл аралык валюта корунун башкаруучу мүдүрү Кристалина Георгиева билдирди. Анын айтымында, туура фискалдык саясат менен ИДПнын өсүшүнүн басаңдоосуна жол бербөөгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков