Дүйнөгө белгилүү Nomad Stunts эл аралык каскадёрлор тобу Netflix киностудиясынын жаңы долбоорунда трюктарды аткарат. Стриминг кызматы Амир Темирдин күчтүү лидер жана таланттуу аскер стратеги катары калыптанышын чагылдырган тарыхый тасманы тартат. Дүйнөгө белгилүү онлайн-кинотеатр үчүн толук метраждуу тарыхый тасманы тартуу иштери 2023-жылдын чын куран айы-бугу айларында, ал эми даярдык мезгили үчтүн айы-жалган куран айларында болот. Тасма тартуунун басымдуу бөлүгү Казакстанда, ал эми ички тартуу иштери Өзбекстанда жүргүзүлөт деп пландалган. Кинорежиссёрлор долбоорду ишке ашыруу үчүн операторлордон, костюмерлерден тарта административдик кызматкерлерге чейин казакстандык адистерди тартышат.
Жайдарбек Кунгужинов, Nomad Stunts эл аралык каскадерлор тобунун жетекчиси:
- Мен аларды биздин өлкөдө тасма тартууга көндүрдүм. Анткени мен үчүн долбоордун Казакстанда өтүшү маанилүү. Айрыкча ушундай жоопкерчилиги чоң тасмаларды Казакстанда тартуу биз үчүн чоң жаңылык болот деп ойлойм. Эгерде биз жоопкерчиликтүү иште ийгиликке жетишсек, бизге Америка платформасына жол ачылат. Алар биздин тартылган жерлерге кызыгышат деп үмүттөнөм, анткени чындыгында локация абдан кооз. Ошондуктан, мен үчүн бул жерде бардык күч-аракетимди, жөндөмүмдү көрсөтүү, трюктарды мыкты аткаруу абдан маанилүү. Актерлорду физикалык жактан машыктырып, фехтованиеге, ат минүүгө даярдайбыз. Речет колдонгондо дароо эле дубльдерди тандап, трюктарды жасайбыз. Биз трюктарды тез жана сапаттуу аткарып, баш-аягы 1 айдын ичинде экшнды толугу менен тартып бүтүрүшүбүз керек.
Белгилей кетсек, бул - Nomad Stunts фильмографиясында Netflix үчүн даярдалган үчүнчү долбоор. Буга чейин казак каскадёрлору “Марко Поло” жана “Падышага кат” телесериалдарын тартууга катышкан. Алар ошондой эле HBO жана Apple TV+ кызматтары, Disney жана Universal студиялары менен иштешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков