Казак окумуштуулары буудайдын жаңы түрүн ойлоп табышты. Ал кадимки данга караганда эрте бышат жана кургакчылыкка чыдамдуу. Жаңы сорт Бараев атындагы Дан чарбачылыгынын изилдөө-өндүрүш борборунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Жаңы эгин гектарынан 35 центнерге чейин түшүм берет. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү селекционерлер буудайдын отуздан ашуун жаңы сортун өндүрүштү. Азыр алар аймактын айдоо аянттарынын 70 пайызына себилип жатат.
Адилхан Бабкенов, буудай селекциясы бөлүмүнүн жетекчиси:
- Бул орточо эрте бышуучу сорт. Тактап айтканда, 90-95 күндүн ичинде бышат. Кургакчылыкка жана ар кандай ооруларга туруктуулугу менен айырмалант.
Которгон: Илгиз Жамалбеков