Казакстанда мүнүшкөрлүк боюнча эл аралык турнир өттү

Казак элинин канына сиңген байыркы бүркүт салуу салты боюнча эл аралык турнир өттү. Ушуну менен 6-жолу уюштурулуп жаткан мелдешке Казакстандан тышкары кытай, монгол жана кыргыз мүнүшкөрлөрү катышты. Астананын жанында өткөн мелдеште бүркүттөрдү коёнго салуу менен колго кондуруу жөндөмдөрү бааланды.

Нурлан Молдоханов, мүнүшкөр /Кыргызстан/:
-Эми ушундай тарбиялык мааниси бар спортту балдарыбызга мурас кылып өткөрүп беришибиз керек. Бүркүт абдан алгыр куш, аны ар ким эле колго көндүрө албайт. Бүркүт жакшылык кыла алган адамдын колуна гана үйрөнөт. Мунун өзүндө чоң тарбия бар.

Диас Күнтуган, мүнүшкөр /Казакстан/:
-Муну чоң атам тирүү кезинде үйрөтүп, көрсөтүп кеткен. Бул ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жаткан спорттун түрү. Чоң атабыз үйрөткөндү улантып жатабыз.

Эл аралык серепчилер мындай иш-чаралар ата-бабадан келе жаткан каада-салтты кайра жандандырууга шарт түзүп жатканын айтышат. Беделдүү беттеш келерки жылы борбор калаада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандар үчүн даярдык болмокчу.

Еркегали Карбозов, Астана шаары дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары:
-Келерки жылы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөнү жатабыз. Буга чейин Кыргызстанда эки жолу өткөрүлгөн. Былтыр Түркияда өтсө, кийинки жылы Казакстанда, анын ичинде Астана шаарында да өткөрүлөт. Ал жерде анын программасында бүркүт салуу спорт түрү да бар.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча баш байге атыраулук мыкты мүнүшкөрлөргө ыйгарылды. Астананын бүркүтчүлөрү 2-орунду ээлесе, алдыңкы үчтүктү Акмола облусунун катышуучулары жыйынтыктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.