Эң алгачкы алма бактар Казакстан аймагында пайда болгон. Бул теория бүгүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы окумуштуулардын көптөгөн далилдерине ээ. Ал эми немис режиссеру Антье Маевски казакстандык жапайы Сиверс алмасына арнап тасма тартууну чечкен. Ал өзүнүн максатын ишке ашыруу үчүн бардык континенттерге барып келди. Албетте тасманын чоң бөлүгү изилдөөчүлөр Адам ата менен Обо эненин бейиш багы жайгашкан деп ишенген Алматынын тоолуу аймактарында тартылды.
Антье Маевски, режиссер:
- Менин тасмам алма, алардын мекени болгон сиздердин өлкө Казакстан жөнүндө. Бүгүнкү колдо өскөн алмалардын генетикалык булагы жөнүндө билүүгө аракет кылып жатам жана Казакстандын тоолорунда ошол эң жапайы Сиверс алма токойлору жайгашкан. Мен бүткүл дүйнөдө кезиккен алманын колго өстүрүлгөн өнүгүүсүн изилдейм.
Тасманын автору бардык алмалардын түпкү теги тууралуу тарыхтын пайда болушу жөнүндө гана айтып бербейт. Ал бүгүнкү массалык өнөр жайлык өндүрүштөн улам келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө айтып берүүгө аракет кылат. Миллиондогон жылдар бою алма бактар тоолордо өсүп келген, бирок бүгүн селекциялык иштерден улам изилдөөчүлөр «мөмөсүн динозаврлар жеген» деп тамаша кылып айткан өзгөчө жана байыркы өсүмдүк биротоло жок болуп кетүү тобокелдигине кабылган.
Серик Садыков, Казакстандын мөмө-жемиш, жашылча өстүрүү илимий изилдөө институтунун директору:
- Эгерде Николай Иванович Вавиловдун экспедициясы убагында бизде 50 миң гектар алма токойлору бар болсо, бүгүнкү күнү ал 10 пайыздан ашпайт, 5 миң гектар десек болот. Бул биз чечишибиз керек болгон чоң көйгөй, бул биздин институттун гана көйгөйү эмес, бул глобалдык көйгөй болуп саналат.
Белгилей кетсек, бүгүн Казакстанда Сиверс жапайы алмасынын 12 резерваты бар. Алма бакчалары боюнча экспедицияга барып келген немис режиссерунун айтымында, бул бөтөнчө керемет дарак, ар биринин жеке өзгөчөлүгү бар, сырткы көрүнүшү, даамы боюнча да айырмаланат. Анан жыты дагы өзгөчө болот.
Антье Маевски, режиссер:
- Мен абдан көп тарттым жана маанилүү кадрларды тандоо үчүн бир жылдан ашык монтаж кылдым. Казакстандан тартылган тасмаларды сактап койдум, анткени бул фильмдин жеке өзүмө көбүрөөк таасир
калтырган өзөгү. Анткени Казакстанга саякат мен үчүн кандайдыр бир керемет сапар болду. Эгерде сиздер өмүр бою жеп келген жемиштин келип чыгышы жөнүндө билсеңиздер, бирок кайдан пайда болгонун билбесеңер, бул кайдан башталаарын билиш үчүн дарыя башатына келип жана андан кийин кантип чоңоёрун билбегенге тете болот.
«Алмалардын эркиндиги» кино тасмасынын бет ачары Алматыда болду, ошол эле жакта «Алманын атасы – Аймак Джангалиев» даректүү тасмасы дагы көрсөтүлдү. Бул тасма Жердеги бардык алманын түпкү тегин изилдөөгө бүткүл өмүрүн арнаган айтылуу казакстандык окумуштуу жөнүндө баяндайт.