Акмола облусунда шамал электр станциялары пайда болот

Акмола облусунда шамал электр станциялары пайда болот

Алардын бири борборго жакын жерде жайгашкан. Баасы 57 миллиард теңге болгон инвестициялык долбоор бир жылда курулуп бүттү. Бул жерге дагы 11 турбина орнотуу менен станциянын кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда. Буга климаттык шарттар өбөлгө түзөт. Серепчилер белгилегендей, мындай заманбап жана экологиялык жактан таза энергия булагы жарым-жартылай энергия тартыштыгы көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт.

Мютью Сю, инвестор/Кытай/:

- Учурда кошулган турбиналардын жалпы кубаттуулугу 150 мВтты түзөт. Ар бир шамал турбинасы саат сайын 5000 киловатт энергия иштеп чыгарат. Шамал турбиналары жылына болжол менен 375 саат иштейт.

Мерхат Мекежанов, адис:

- Кайра жанма энергия биринчи кезекте жаратылышка зыян келтирбейт. Шамал энергиясынан электр энергиясын өндүрөбүз. Башкача айтканда, керектөөчүлөр ушундай альтернативдик энергияны колдоно алышат.

Жалпысынан Акмола облусунда 12 шамал жана 1 күн электр станциялары бар. Азыркы кезде облуста өндүрүлгөн жалпы энергиянын 48%га жакыны альтернативдүү энергия булактарына туура келет. Өткөн жылы облуста “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө 11 миллиард теңгеден ашык инвестиция багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков