Казакстанда «7-20-25» жеңилдетилген ипотекалык программасы уланат. Аны ишке ашырууга 2023-жылы 100 миллиард теңгеге чейин каражат бөлүү мерчемделген. Мындай токтомду өлкөнүн башкы каржы жөнгө салуучу органы президенттин тапшырмасын аткаруу алкагында кабыл алды. Жекече талаптар кайра каралып чыкты. Мындан ары ар бир насыя алуучу программага бир гана жолу катыша алат. Баштапкы салымдын эң төмөнкү өлчөмү, насыянын максималдуу суммасы, мөөнөткө пайыздык чени, аймактарга бөлгөндө сатып алынган турак жайдын эң жогорку наркына тиешелүү эрежелер өзгөрүүсүз калды. Ал эми насыялоонун жылдык көлөмү рыноктун ипотекалык өнүмдөрдүн болушуна жана өнүгүшүнө жараша болот. Белгилей кетсек, төрт жыл мурун башталган программанын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 852,2 миллиард теңгеге 64 миң жеңилдетилген насыя берилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков