Билим берүү системасын жаңыртуу

Билим берүү системасын жаңыртуу

Мектептер мурдагыдай болбойт! Борбордо орто билим берүү тутумуна пандемиянын тийгизген таасири талкууланды. Эске салсак, быйылкы окуу жылында 3 миллиондон ашык казакстандык окуучу негизинен аралыктан окушту. Бул катардагы 2 миллионго жакын окуучу «OnlineMektep» санарип платформасынын жардамы менен билим алышкан. Адистердин айтымында, аталган платформа быйылкы окуу жылында эң көп колдонулган веб-ресурс болуп калды. Мисалы, окуу жылы башталгандан бери ушул система аркылуу 315 миллион онлайн сабак өткөрүлдү. BilimLand платформасынын 400дөн ашык адиси жана Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин 500дөн ашуун мугалими сапаттуу дистанттык билим алууга мүмкүнчүлүк берген заманбап интернет-ресурсту түзүүгө катышты. Натыйжада, OnlineMektep тармагы өлкө боюнча ийгиликтүү ишке киргизилип, 370 миңден ашуун билим берүү кызматкеринин башын бириктирди. Алыскы аймактарда жайгашкан калктуу-конуштарда анын пайдасын көрүп, сапаттуу билим берүү үчүн колдонуп жатышат.

Жанар Абдилдина, НЗМ билим берүү программалары борборунун мүдүрү:

- Мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн Интеллектуалдык мектептердин мугалимдер жамаатынын заманбап билим берүү тутумунда колдонуу үчүн түзгөн жаңы методикаларды кеңири жайылтуу керек. Анда олимпиадаларга, ата мекендик жана чет элдик жогорку окуу жайларына даярдануунун негизги тапшырмалары камтылган. Бул теңдеши жок уникалдуу долбоор. Бардык материалдар Казакстан Республикасынын окуу планына ылайык даярдалган. Андыктан бул маанилүү экенине ишенем.

Людмила Бекенова, Көкшетау шаарынын №2 мектеп-лицейинин мугалими:

- Менин оюмча, OnlineMektep окуучулар үчүн дистанттык окутуунун ири аянтчасы болуп калды. Алгач, ал аркылуу мугалимдердин иштөөсү натыйжалуу экендигин баса белгилеп кетким келет. Ал жерден тапшырманы аткаруу учурунда убакытты жөндөөгө болот. Окуучулар үчүн бирдей шарттар түзүлгөн. Аткарылган тапшырманы текшерүү оңой болуп калды. Комментарий жазууга да болот. Аткарылган бардык иштер маалымат базасында сакталат. Мугалим же ата-эне каалаган убакта аны ачып карай алат. Мугалимдин көрсөтмөлөрүн көрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков