Олимпиада чемпиондору Франциядан мекенине келе башташты. Алматы аэропортунда өлкөнүн намысын коргоп, Казакстандын желегин бийик көтөргөн спортчуларды жүздөгөн күйөрмандар тосуп алышты. Алардын арасында республиканын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча чемпион болгон Елдос Сметов, дзюдо боюнча коло медалдын ээси Гусман Кыргызбаев, дзюдо боюнча курама команда жана машыктыруучулар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков