Казакстанда учуу коопсуздугун көзөмөлдөө талаптары күчөтүлөт

Казакстанда учуу коопсуздугун көзөмөлдөө талаптары күчөтүлөт

Казакстандын авиация администрациясы учуу коопсуздугуна көзөмөлдү жана тескөөнү күчөтүүдө. Азыркы маалда республика ушул жайда боло турган ИКАОнун текшерүүсүнө даярданууда.

Айта кетсек, 2023-жылдын аягы – 2024-жылдын башына мерчемделген аудит бул жарандык авиация жаатындагы эл аралык уюмдун бир бөлүгү гана болуп саналат. Анын жыйынтыгы боюнча өлкө ИКАОнун эл аралык стандарттарынын талаптарын 80% аткарууга ниттенүүдө.

Айгерим Акимжанова, кабарчы:

- Учуу коопсуздугу, авиация жаатындагы техникалык көзөмөл жана тескөө Казакстандын Авиациялык Башкармалыгынын аткарган негизги функциялары болуп саналат. Белгилей кетсек, мамлекеттин 100% катышуусу менен башкаруунун мындай үлгүсү Казакстанда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп киргизилген.

Жыл сайын Казакстандын авиация администрациясы авиакомпанияларды жана аэродромдорду сертификациялоону, аэронавигациянын ревизияларын жана атайын кызматтардын текшерүүлөрүн өткөрүп турат. Алардын бири - маанилүү милдетти аткарат, тагыраагы аэродромдордун учууга жарактуулугун текшерет.

Биз учуп-конуу тилкесине барабыз. Андагы максат - аэродромдун абалын текшерүү. Учуп-конуу тилкесин жакшылап карап чыгабыз. Эч кандай тоскоолдуктар болбошу керектигин көзөмөлдөйбүз. Андан кийин маркировкалоо талаптарына шайкештигин карайбыз.

Аэродромду инспекциялык текшерүү учурунда, биринчиден, анын абалына өзгөчө көңүл бурулат. Аянтчанын үстүңкү бетин белгилөөгө, анын түзүлүшүнө, тоскоолдуктардын жоктугуна маани берилет. Быйыл мындай 20 текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Бахтияр Сейдахметов, Аэродром жана жерден кызмат көрсөтүү департаментинин авиациялык инспектору:

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Казакстанда 25ке жакын сертификатталган аэропорттор бар. Алардын 18и эл аралык аэропорттор болсо, жетөө ички каттамдарга арналган. Ошондой эле сертификат алган 6 тик учак аянтчасы иштейт. 2020-жылы биз 900дөн ашык эскертүү бергенбиз. Алардын бардыгы убагында калыбына келтирилип жатат. Мындай кемчиликтердин санын бир кыйла азайтуу үчүн биздин

департамент аэродром жана учуу коопсуздугу боюнча колдонмолорду иштеп чыгууда.

Казакстандын авиация администрациясынын түзүлгөнүнө эки жыл болду. Бул убакыттын ичинде адистер көп иштерди жасашты. Анын атыйжасында өлкөдө учуу коопсуздугун тастыктоо багытындагы иштердин сапаты жогорулады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков