Казакстан мусулмандары Орозо айт майрамын белгилешүүдө

Казакстан мусулмандары Орозо айт майрамын белгилешүүдө

Жалпы мусулман коомчулугу үчүн Орозо айт башталды. Рамазан айынын аякташын билдирген куттуу майрам үч күн белгиленет.

Орозо айтта мусулмандардын диний жөрөлгөлөрү боюнча адамдар үйлөрүнө дасторкон жайып, келген конокторду тосуп алышып, жакшы тилектерин айтышат. Таң менен бирге окула турган Айт намазы бул жылы өлкөдө санитардык талаптарга ылайык мечиттерде окулду.

Наурызбай Ажы Таганулы, Казакстан мусулмандары диний башкармалыгынын төрагасы, муфтий:

- Алла Таала бүгүн үйлөрүндө кылып жаткан элибиздин дуба-тилектерин кабыл кылсын. Өлкөбүзгө, жергебизге тынчтык берсин, биримдик жана ынтымак берсин. Кудай Таала береке-ырыскы берсин. Биздин өлкөнү табигый апааттардан, кырсык-балээлерден сактап, куттуу, берекелүү болушубузду баарыбызга насип этсин деп тилейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков