Казакстанда Эл бирдиги күнү масштабдуу белгиленди

Казакстанда Эл бирдиги күнү масштабдуу белгиленди

Казакстанда Биримдик күнүн белгилөө үчүн 5000ден ашык иш-чара өткөрүлдү. Патриоттук флешмобдор, фестивалдар, концерттер жана билим берүү өнөктүктөрү өлкөнүн бардык аймактарын камтыды. Республиканын борборунда 60тан ашык иш-чара уюштурулду. Мисалы, Астананын биринде — Достук үйүндө — майрамдар достук жана биримдик атмосферасында өттү. Ал жерге миңдеген тургундар жана коноктор чогулушту. Этно-маданий бирикмелердин артисттери алар үчүн өнөр көрсөтүштү. Ар бир адам ырлардан, бийлерден жана жаркыраган улуттук кийимдерден ырахат алуу менен бирге майрамдын бир бөлүгү болушту.


Дмитрий Останькович, Казакстан элинин ассамблеясы төрагасынын орун басары:


Достук үйү – чоң, ынтымактуу үй-бүлө. Анда 24 этномаданий борбор жайгашкан. Күн сайын көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. Жыл сайын биз кубанычтуу түрдө майрамдайбыз, бийлеп, ырдап, оюндарды өткөрүп, ушул сыяктуу жарманкелерди өткөрөбүз.


Кичинекей бөбөктөр үчүн балдардын улуттук кийимдеринин сынагы уюштурулду.


Кульшира Ахметбекова, Алишанын чоң энеси:


Менин неберем Алишанын бул костюмунун философиясы - бардык элдерди биздин тынч Казакстаныбыздын айланасына бириктирүү.


Фестиваль ар кандай этникалык топтордун маданияты жөнүндө билим алуу үчүн гана аянтча болбостон, эң негизгиси – адамдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдеген жайга айланды.


Ержан и Виктория, шаар тургундары:


Аялым бул тууралуу социалдык тармактан билиптир, биз эртең менен бул жерге келип, көңүл ачуудабыз.


Биз балдарга ата-энелеринин салттарын үйрөтүүгө аракет кылабыз. Алардын мамилеси абдан жакшы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков